Айылдарга же аялдарга жардам беребиз демиш этип, чет элдик уюмдар тымызын чалгын жүргүзүшү мүмкүн. Демек, аларды “агент” деп белгилеп коюш керек деп депутаттар мыйзам кабыл алганы калды. Бирок, “агенттер” деле өзүнө бек немелер экен. Күн ачылаары менен митингге чогула калышты.
Ак үй алдына чыгып, жакшы эле көңүл бурайын деди эле атаандаштар чыга калбадыбы. Бош жаткан жерлерди басып алып, үй салгандар мындан ары мыйзамдуу жашагысы келет экен. Айтор, документтерди тууралап бергиле деп алар да өзүнчө митинг кылышты.
Мыйзамсыз салынган үйлөр болсо көп тура. 6 жылда 480 үй курулуптур.
Анысы мейли. Бүгүн сонун жаңылык болду. Жакынкы жылдары Ооганстанга электр энергиясын сатып баштайт окшойбуз. CASA-1000 долбоору боюнча курулуш башталды. Бирок, өзүбүздөн артпай жатса аларды кантет болдук экен…
Ошентип, окуу жылы да аяктап калды. Жалпы республикалык тестирлөө деген балекет жакындады. Быйыл кандай өзгөрүүлөр болгонун сурап көрдүк эле.
АКШда бир мышык 30га чыгыптыр. Адамдар 30га чыкканда жашын жашырып баштайт го, ал болсо дүйнөгө жар салды. Гиннеске да кошулуп алыптыр.
Жакшы күндү жакшы бата менен жыйынтайлычы. Тукуму өссүн Кыргыздын, Тукуму өссүн Манастын! Бул сөздөрдү эми үйлөнгөндөрдүн баары угат.
Ошоо, жаңылыктар… Бул жерде дагы башкалары да бар. Facebook’та дагы барбыз.
Баары жакшы болот! Баары өз убагында!
Урматыбыз менен, Saat.kg редакциясы.