Окуя кечээ, 19-майда, саат 20:30дар чамасында болду. 36806 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан З.Т. алгач оор жаракаттарды алган. Бирок Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирилгенден кийин каза тапты.
Башкы штаб билдиргендей, снаряддын жарылышы жоокер курал-жарактарды туура эмес колдонгонунан чыкты. Факт боюнча кызматткы иликтөө башталды.
Иликтөө иштерин Балыкчы гарнизонунун аскерий прокуратурасы дагы баштады.