Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд (ММБФ) “Альфа Телеком” жабык акционердик коомун сатуу үчүн аукцион өткөрөт. Компаниянын 100% акциялары сатылмакчы.

Акционердик коомго толугу менен мамлекет ээлик кылат. “Мегаком” бренди менен таанылган компаниянын баштапкы баасы 19 млрд 7 млн сомду түзөт.

“Аукцион 2016-жылдын 16-июнунда саат 11:00дө КТРК имаратында өтөт. Ага катышуу үчүн кепил төлөм катары баштапкы баанын 10%ын төлөө зарыл – 1 млрд 900 млн 700 миң сом. Бул каражат ММБФтин атайын эсебине которулат. Аукциондун жеңүүчүсү компанияны алган баасынын үстүнө 7%дык комиссиялык төлөм төлөйт”, — деп мүлктү башкаруу фонду билдирди.