Алдын ала маалымат боюнча, ал бала үчүн акча талап кылууну көздөгөн.
ИИМ билдиргендей, баланын жоголгону боюнча милицияга анын чоң энеси кайрылып, 1986-жылкы бир аял баланы алдап уурдап кеткенин айткан. Бул окуя Нарын шаарында болгон.
Үйүнө алып келгенден кийин баланын колу-бутун байлап, оозун скотч менен бекитип, үйүнүн жер төлөсүндө кармап турган.
Бул факт боюнча адамды уурдоо жана мыйзамсыз түрдө эркиндиктен ажыратуу беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, аял камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.