Кечээ Жогорку Кеңештин спикери АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтнини кабыл алды. Алар эки тараптуу кызматташтык мамилелерге жана парламенттер аралык байланыштарга тиешелүү маселелерди талкуулашты.
Чыныбай Турсунбеков АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө бардык аракеттер жумшаларын белгиледи.
«2010-жылдан кийин кыргыз парламентинин фунциялары кеңейтилди жана күчөтүлдү, парламент өлкөдөгү эң ачык мамлекеттик орган болуп эсептелет. Биз алты жылдык ишибиз менен сыймыктанабыз. Биринчи кезекте – таза жана ачык-айкын өткөрүлгөн шайлоолор. Жарандарыбыз менен дүйнөлүк коомчулук былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого жогорку баасын берди. Эми алдыдагы президенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшашыбыз керек», — деди төрага.
Турсунбеков АКШ менен парламенттер аралык байланышты бекемдөөгө кызыктар экенин айтты. Үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда «Демократия үчүн өнөктөштүк» комиссиясынын төрагасы Питер Роскам башында турган АКШ Конгрессинин Өкүлчүлүк палатасынын делегациясын Кыргызстанга келиши эки тараптуу кызматташууга жаңы жол ачат деп баса белгиледи.
Ал эми Шейла Гуолтни АКШнын Кыргызстан менен ишеним жана өз ара сый-урматка негизденген тыгыз өз ара аракетин улантуу ниети бар экенин тастыктады. АКШ тарап Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан демократиялык реформаларга ар тараптуу көмөк көрсөтүүнү уланта бере турганын белгиледи.