Азырынча Юнусов Бактияр (22 жаш) жана Рыфат Салимов (20 жаш) кайсы өлкөнүн жарандары экени белгисиз болуп турат. Эгер биздин жарандар болуп чыкса, Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулдугу бардык жардамдарды көрсөтөт.

Кечээ жардыруу болгондон бери күнү-түнү ошол жерде туруп, тактоо иштерин жүргүзүзүүдө. Учурда Стамбулдагы “Ататүрк” эл аралык аэропотунда Түркиянын саламаттык сактоо министрлигинин кризистик борбору иштеп жатат. Ал борбордун маалыматы боюнча, такталган чет элдик жарандардын арасында Кыргызстандыктар жок деген алдын ала маалымат бар.

Тактала элек жарандар дагы бардыгы айтылууда. Башкы консулдуктун алдын ала маалыматы боюнча, жардырууда жабыркагандарын арасында Юнусов Бактияр (22 жаш) жана Рыфат Салимов (20 жаш) аттуу жарандар бар экендиги кабарланууда. Учурда биздин кызматкерлер аталган эки жарандын жарандыгын тактап жатышат. Эгер биздин жарандар болуп чыкса, бардык жардамдарды көрсөтүшөт.

Бөлүшүү