Галина Скрипкина өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алды. Скрипкинанын ордуна Максат Эгембердиев келди.
Мандат алган жаңы депутаттын резюмеси:
Эгембердиев Максат Бакирович кесиби боюнча машыктыруучу. Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия институтун бүтүргөн.
- Эмгек жолун 1991-жылы Жалал-Абад шаарындагы №3 Р. Санатбаев атындагы балдардын спорттук мектебинде машыктыруучу болуп баштаган.
- 1996-2004-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген;
- 2004-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп шайланган;
- 2011-2012-жылдары Р. Санатбаев атындагы спорттук балдар мектебинин директору болуп эмгектенген;
- 2012-жылдан ушул күнгө чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеп келген.
Жетишкендиктери:
- 2009-жылдан бери Жалал-Абад облустук грек-рим күрөшү боюнча федерациянын президенти. СССРдин спорт чебери, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу. КР билим берүүсүнүн отличниги.
- 2011-жылы КР билим берүү министрлигинин Ардак Грамотасы, 2013-жылы Ыраазычыдык Каты менен сыйланган.
- Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы.