Түркияда аэропорттогу жардыруудан каза тапкан 36 кишинин арасынан 27синин өздүкү такталды. 13 адамдын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. Теракттан мерт кеткендердин бирөөсү украин, калганы түрк жарандары экени аныкталды.
Прессанын маалыматы боюнча, жабыркагандардын ичинде Кыргызстандын эки жараны жана бир орусиялык бар. Жардыруу болгон учурда Стамбул-Бишкек рейсине каттоо жүрүп жаткан.
Кечээ жардыруулар “Ататүрк” аэропортунун үч жеринде болду: кире беришинде, чыгуусунда жана унаа токтотмосунда. Акыркы маалыматка ылайык, 36 адам каза болуп, 147 жарадар болду. Түрк бийлиги теракттын артында ИШИМ турат деп эсептейт.