Францияда Европа Чемпионаты уланууда. 3-июлда Бордо шаарында Германия жана Италия жолугуп, ышкыпоздор мурда эле бул оюнду расмий эмес финал деп атап коюшкан.

Биринчи өткөрүлгөн голго карабастан Германия  италиялыктарды жеңип, жарым финалга өттү.

Бул эки команда Дүйнө чемпионатынын жана Европа чемпионатынын алкагында 8 жолу жолугуп, немистер бир да жолу уткан эмес.

65-минутада Месут Озил өз командасына биринчи голду киргизип, эсепти ачты.

сүрөт: ria.ru
сүрөт: ria.ru

Бирок Италия экинчи таймда жанданып, Германиянын катасынан улам Бонуччи Нойерге мүмкүнчүлүк калтырбастан 11 метрлик пенальтиден Германиянын дарбазасына топ киргизди.

Жыйынтыгы 1:1 болду.

Оюндун аягына чейин жана кошумча мөөнөттөрдө жада калса 15-мөөнөттүк эки экстра-таймда да жеңүүчү аныкталган жок.

Ошентип оюн пенальтиге кептелди.

Экинчи экстра-таймдын аягында Италия курамасынын машыктыруучусу Симон Дзадзаны оюнга чыгарып чоң катаны кетиргендей болду.

Атайын  чыккан оюнчу дарбазага гол киргизе албай койду. Бирок Германиянын да дөө-шаалары Мюллер , Шванштайгердин соккусу так болбой пенальти 9-серияга чейин уланып кетти.

сүрөт: ria.ru
сүрөт: ria.ru

Акырында Мануэл Нойер Дармиандын соккусун тосуп өз курамасын жеңишке чыгарды. Италия чемпионатты таштап кетсе, Германия жарым финалга чыкты.

Ал эми бул чемпионаттын ачылышы болгон Исландия курамасы 4-июлда Франция менен жолугушуп 5:2 эсебинде утулуп калды.

Бирок жеңилүүгө карабастан 330 миң калкы гана бар бул өлкө сенсация жарата алды.

Биринчи жолу чемпионатка катышып, 8 эң мыкты команданын катарына кирген Исландиянын жомогу бүтсө да, дүйнөнүн жарымы бул курамага күйөрмандык кылды окшойт.

сүрөт: ria.ru
сүрөт: ria.ru
Командалар: Жыйынтыгы
30-июндан 1-июлга караган түнү
Польша-Португалия 1:1 3:5(пен)
1-июлдан 2-июлга караган түнү
Уэльс-Бельгия 3:1
2-июлдан 3-июлга караган түнү
Германия-Италия 1:1 6:5(пен)
3-июлдан 4-июлга караган түнү
Франция-Исландия 5:2