Ысык-Көлдө өтүп жаткан III экономикалык форумда аталган тармактын министри Арзыбек Кожошев сөз сүйлөдү.
Анда Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, өлкөдөгү инвесторлор үчүн каралган шарттар, гироэнергетикалык потенциал, ЕАЭБге киргенден кийинки артыкчылыктар, ПЖТ+ статусун алуудагы мүмкүнчүлүктөр жана экономикалык жетишкендиктер жөнүндө айтылды.
“Акыркы жылдары инвестиция (КР инвестициялар мыйзамы), салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, бул жааттагы мыйзамдуулук күчүнө кирди. Анда инвесторлордун коопсуздугун коргоо, стабилдүүлүк жана башка ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү мыйзамда каралды”, -деди экономика министри.
2015-жылда КРде түз инвестициялардын суммасы 1,5 млрд доллардан ашкан. Өлкөдөгү административдик барьерлер алынып, жергиликтүү инвесторлордун режими кандай болсо, чет жерликтер үчүн да ошондой шарттар каралган.
Дүйнөлүк банктын 2015-жылдагы («Doing business») жыйынтыгында Кыргызстан бизнес баштоо индекси боюнча 9-орунга чыккан. Кыргызстанда ишкана ачуу 2 кадамдан турат, 8 күндүк убакытты алып, чыгымдар калктын орто жан башына эсептелген кирешесинин 2,4%ын түзөт.
Салыктын кирешеге болгон түзүмдөрү да ыңгайлуулугу менен башка өлкөлөрдөн айырмалана турганы министрдин берген маалыматынан улам белгилүү болду.