Кытай бийлиги адам өлтүрдү деген жалган жалаа менен түрмөдө отуруп чыккан аялга 1,72 млн юань (28 миң доллар) өлчөмүндө компенсация төлөп берди.

2002-жылы Цянь Жэньфэн иштеген бала бакчада балдар тамак-аштан ууланган. Бир бала каза таап, экөө ооруканага жеткирилген. Ал эми ошол күнү тамакты Цянь жасаган. Окуядан кийин аны тамакка келемиш уусун кошком дедиртип, баланын өлүмүн мойнуна алдыртып коюшкан.

2013-жылы прокуратура аялдын ишин кайрадан кароого өткөн. Өткөн жылы кылмышка шектүү илинчектер жок экенин айтып ишти кайрадан карап чыгууну сотко сунуштаган. Ошондон кийин сот далилдер жетишсиз экенин белгилеп, аялды боштондукка чыгарган.

Ал өзү 1,45 долларлык зыяндарды ордуна келтирүү үчүн доо арызын жазган. Ал эми сот болсо 258 миң доллар төлөп берүүнү чечкен.