Ошондой эле 55 бирдик атайын техникасы тартылмакчы.
«Куткаруучулар спорттук жана маданий-массалык иш-чара өтүп жаткан, эл көп болгон жерлерде, ар кандай чукул кырдаалдар жаралбас үчүн кезекте турушат. Керек болгон учурда ыкчам мамиле кылып, алдын алышат»,- деп билдиришти катчылыкта.
Мындан тышкары, оюнду өткөрүү учурунда катышуучу-спортчулардын расмий делегациясынын, туристтердин жана жарандардын тоскоолдуксуз кыймылын камсыз кылуу үчүн Бишкек – Балыкчы – Чолпон-Ата – Кырчын – Каракол – Бишкек автожолуна туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлөт.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтөт.