Бүгүн, 22-августта Өзбекстандан жети милиция кызматкери Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка кирген.

Чек ара кызматы билдиргендей, өзбек милициялары МИ-8 тик учагы менен түшүрүлгөн.

Азыркы учурда чек ара кызматынын өкүлдөрү менен телефон сүйлөшүү жүрүүдө. Кыргыз тарап жолугушуу демилгесин көтөрүп чыкты.

Кырдаал мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.