Грузиянын Тбилиси шаарында өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионаты уланууда.

Мелдештин экинчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча медалдар топтому ойнотулду.

Бириккен күрөш федерациясынын расмий сайты кабарлагандай, 69 кг чейинки салмактык категориясында кыргызстандык Акжол Махмудов чыккан. Ал биринчи беттеште Армениялык Малхаса Амояны жеңип, андан соң  жапониялык Гакуё Тагучини жеңген. Жарым финалда беларусиялык Артем Валасковичти утуп финалдык беттеште азербайжандык Улву Ганидзени 5:3 эсебинде артка калтырып, алтын медаль тагынды.

сүрөт: UWW
сүрөт: UWW

https://www.youtube.com/watch?v=v6reiT_kR7w

Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча мелдештин биринчи күнүндө Жоламан Шаршенбеков жана Эрбол Бакиров коло медалга жетишкен.

Чемпионаттын алкагында грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча да медалдар топтому ойнотулат. Анда Даяна Жакып кызы жана Мээрим Жуманазарова өз күчтөрүн сынашат.