Парламенттик жыйында «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев 15-сентябрда окуу жылын баштоо сунушуна билим берүү министрлиги жеке позициясын билдиргенине нааразы болду.

Ал министр Эльвира Сариевага суроо менен кайрылды.

«Бул сунушка өзүңүз эле жооп бердиңизби? Өкмөттүн позициясын бериш керек болчу. Бул билим берүү министрлигинин же жеке адамдын оюн эмес, өкмөттүн оюн угайын дегенбиз», — деп суроо узатты.

Ал эми Сариева билим берүү тармагын карап туруп жооп бергенин айтты.

Мындан тышкары, Исаев бул маселе боюнча 26-майда жиберген катка 13-сентябрда жооп бергенин белгиледи.