“Кыргызстан” фракциясынын депутаты Таалайбек Масабиров Кыргызстандын тарыхында бир дагы жолу дүйнөлүк мелдеш өтпөй келатканын, анын себеби катары эл аралык деңгээлде спорт сарай курула электигин белгиледи.

Эл өкүлү кыргыз спортчуларына тиешелүү деңгээлде шарт түзүлбөй жатканын айтып, коңшу мамлекеттерде ондогон спорт сарайлар, стадиондор курулуп жатканын ардануу менен айтты. Ошону менен катар 2018-жылы Азия оюндарын Кыргызстанда өткөрүү белгиленип жатканын, бул багытта эмне иштер аткарылып жатканына кызыкты.

Мындай көйгөйдү улаган депутат Дамирбек Асылбек уулу 2018-жылы Азия оюндарына азырынча өкмөттө эч кандай иш-аракеттер байкалбай жатканына токтолду. Депутат бир стадиондон башка стадиондордо соода борборлору курулуп жатканын айтып, өкмөттүн көңүлүн дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук арена салууга бурду.