Баш мыйзамды өзгөртүү аткаруу бийлигинин жоопкерчилигине өбөлгө болот.
Бул тууралуу саясат таануучу Кайрат Осмоналиев Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү тегерек столдо билдирди.
«Премьер-министр акимдерди өзү дайындаганды мен колдойм. Ошондо жоопкерчилик болот», — дейт ал.
Анын айтымында, көпчүлүк калк Баш мыйзамдын мазумуну менен тааныш эмес.
«Конституция өзгөрүүгө муктаж, Орусиянын Баш мыйзамына окшош», — деп кошумчалады.