Тасма 8-9-октябрда өтө турган түрк тилдүү документалисттердин эл аралык кинофестивалына чакыруу алды.

Аталган документалдык фильм жаш режиссёр Адилет Каржоевге таандык. Анда режиссёр алыскы райондордун биринде үй-бүлөсү менен туруп, 2 кызын тарбиялап жана ата салтын улантып жашап жаткан бүркүтчү тууралуу 18 мүнөттүк тасмасын тартуулайт.

«Сары-Ой» филми буга чейин бир катар кинофестивалдардын лауреаты болууга жетишкен. «Шакендин жылдызы» (Алматы), «Бастау» (Алматы), «Жер тузу» (Самара), «Алтын баатыр» (Омск) жана 2013-жылы Катардын Доха шаарында өткөн «Аль-Жазира» аталышындагы эл аралык документалдык фильмдердин фестивалына катышкан.