Президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.
Жолугушууда мамлекет башчысы калкты мүмкүн болуучу ар кандай чукул кырдаалдардан алдын ала коргоо чаралары, өлкөдө ар кандай тобокелдиктерди болушунча азайтуу боюнча көрүлүп жаткан иш чаралар комплексин өткөрүү жөнүндө маалымат алды.
Кубатбек Боронов ошондой эле кризистик кырдаалдарды тескөө борборун ачуу тууралу айтып берди. Бул борбор маалыматтарды иштеп чыгуунун жана чукул кырдаалдар жаралган учурда тез жооп бере турган кызматтар менен мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин мындан ары координациялоонун бирдиктүү борбору болуп калмакчы.
Атамбаев калкты, инфраструктура объектилерин, аймактарды чукул кырдаалдардан коргоо чараларын мындан ары өркүндөтүүнүн маанисин баса белгиледи. Мамлекет башчысы өлкөнүн биринчи кезекте коркунучтуу саналган райондорунда алдын ала чараларды күчөтүүнүн жана калк ичинде түшүндүрүү иштерин жандантуунун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.