Парламенттин конституциялык мыйзамдар комитети өкмөттүн курамын жана программасын жактырды.
Премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жаңы курамын сунуштады.
- Премьер-министр – Сооронбай Жээнбеков (КСДП)
- Биринчи вице-премьер-министр – Мухаммедкалый Абулгазиев (КСДПнынквотасы)
- Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Олег Панкратов (КСДП)
- Чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков (КСДП)
- Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Чолпон Султанбекова(“Кыргызстан”, буга чейин Гүлмира Кудайбердиева болгон)
- Билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева (“Кыргызстан”, буга чейин Эльвира Сариева болгон)
- Эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Таалайкүл Исакунова (“Кыргызстан”, буга чейин Кудайберген Базарбаев болгон)
- Өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр – Акылбек Осмоналиев (КСДП)
- Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев (КСДП)
- Маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков (КСДП)
- Транспорт жана жол министри – Жамшитбек Калилов (КСДП, буга чейин Замир Айдаров болгон)
- Ички иштер министри – Улан Исраилов (КСДП, буга чейин Кашкар Жунушалиевболгон)
- Юстиция министри – Уран Ахметов (КСДП) (буга чейин Жылдыз Мамбеталиеваболгон)
- Каржы министри – Адылбек Касымалиев (КСДП)
- Экономика министри – Арзыбек Кожошев (КСДП)
- Өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов (КСДП)
- Саламаттык сактоо министри – Талантбек Батыралиев (КСДП)
- Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри — Нурбек Мурашев (“Бир бол”, буга чейин Турдуназир Бекбоев болгон)