Салык кызматы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышкан саясый партияларды, ошондой эле шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартылган жана партияларга аны өткөрүү боюнча кызмат көрсөткөн компанияларды жана адамдарды тиешелүү салыктарды өз мөөнөтүндө жана толугу менен төлөөгө чакырат.

Белгилүү болгондой, шайлоо учурунда дээрлик бардык партиялар үгүтчүлөрдү жана бир катар адистерди жана компанияларды жалдашат, ошондой эле үгүт материалдарын даярдоо, таратуу жана жайгаштыруу үчүн массалык-маалымат каражаттарын колдонушат.

Буга байланыштуу жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып жаткан саясый партиялар, убактылуу жумушчулар-үгүтчүлөр жана шайлоо штабдарынын кызматкерлери менен шайлоо алдындагы кампаниялардын мезгилинде партиялардын ишине тартылган үгүтчүлөрдүн жана башка адамдардын эмгек акысынан киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөрдү  төлөө үчүн эмгек мамилесин жол-жоболоштурууга тийиш.

Үгүттөө учурунда саясий партияларга кызмат көрсөткөн компаниялар жана фирмалар дагы көрсөткөн кызматтары үчүн (ММКларда жана интернет басылмаларындагы жарнактар, жарнак щиттери, ар кандай акцияларды, үгүт иштерин өткөрүү ж.б.) тийиштүү салык жыйымдарын өз убагында төлөөгө милдеттүү.

Салык кызматы эскертет, шайлоо алдындагы үгүт ишине катышкан бардык саясий партиялар, компаниялар жана башка уюмдар жана жеке адамдар, салык мыйзамдарынын сакталышына карата салык органдары тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынат.