Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинде бүгүн саат 15:00дө филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиеванын «1916-жыл кыргыз прозасында» атуу китебинин таанытымы өткөрүлөт.

Китепте 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн кыргыз прозасында көркөм чагылдырылышы иликтенген. Автор аталган окуяга кайрылган  чыгармалардагы көркөм чындыктын тарыхтагы факты-маалыматтарга айкалышы, ал чыгармалардын идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрү жана образдардын турмуштук негиздүүлүгү өӊдүү маселелерди талкууга алган. Улуттук адабиятыбыздын тарыхында мурда белгилүү деӊгээлде чектөөлөрдүн карамагында иликтенип келген барактары талданып, эгемендик мезгилине чейинки идеялар менен көз караштар кайрадан каралган. Кыргыз жазуучуларынын чыгармалары казак, түркмөн, өзбек элдеринин адабиятындагы 1916-жылдагы көтөрүлүш тууралуу чыгармалар менен салыштырылып талданган.

Китеп Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын китепканаларына акысыз таркатылмакчы.

Станалиева 1916-жыл окуясынын кыргыз адабиятында чагылдырылышын изилдеп жүргөн окумуштуу катары белгилүү. Буга чейин автордун бул темада «Тарых жана тагдыр», «Тарыхый чындыкты чагылдырган роман» жана «Тарыхый чындыкты көркөм аңдоо» деген эмгектери жарык көргөн.