ЖКнын жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова үй-бүлөлүк зордук, балдарга болгон кордук маселесине токтолду.
“Бүгүнкү күндө ажырашуу бир эле арыздын негизинде болуп калды” деген депутат ажырашуулардын себебин иликтеп, жыйынтык чыгарган киши жоктугун, ажырашкандан кийин балдары менен энеси талаада калып жаткандыгын белгиледи. “Андыктан, Үй-бүлө мыйзамы баштаган укуктук-ченемдик актыларды катуулатып, үй-бүлө очогун сактап калалы”,- дейт депутат.
«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров дагы статистикалык маалыматтарга таянуу менен жылына 10 миӊдеген ажырашуу болуп, анын айынан жумушсуздук күч алгандыгын, элдин жашоо деңгээли төмөндөп кеткендигин маалымдады.
“Ажырашуу – өтө чоң социалдык маселе” деген депутат Алтынай Өмүрбекова КР Өкмөтү бул маселени приоритет катары карашы керектигин баса белгиледи. “Айылбанк” банкы Vefa борборунун имаратына көчүрүлүп, жылына 21 миллион сом төлөнөт экен. Акча каражаттары ашыкча болуп жатса, ажырашууларды алдын алууга багытталган мыйзамдардын аткарылышын камсыздоого жумшайлы”,- дейт депутат.