Москвада Кыргызстан ИИМнин өкүлдөрүнүн иш-аракетинин алкагында өз мекендешин зордуктоого шектелген кыргызстандык кармалды.
КР ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2018-жылдын 24-апрелинде РФдагы КР ИИМ өкүлчүлүгүнө 1989-жылкы Ош облусунун жараны кайрылып, ага чала тааныш бала тарабынан күч колдонуу болгондугун айткан. Белгисиз эркек киши бычак менен коркутуп, аны зордуктаган.
Эки күндүн ичинде жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жүрүшүндө 1991-жылы туулган КР жараны Ош облусунун Ж.Б., аттуу жараны кармалган. Шектүү полициянын аймактык бөлүмүнө жеткирилген.
Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки амалдар жүргүзүлүүдө.