Ош шаарында өзүн-өзү атып өлгөн милиция кызматкеринин сөөгү табылды

Автор -
347

Ош шаарынын Апсамат Масалиев проспектисинде өз автомашинасында милициянын старшинасы, Ош шаардык ИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсүнүн Т.З., жансыз сөөгү табылган. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 28-апрелге караган түнү саат 12:00дөр чамасында болгон.

«Милиция кызматкери көкүрөгүнө тийген октон каза болгон. Ошол эле учурда машина ичинен бекитилген болуп чыкты. Кызматкердин жанынан тапанчасы табылган. Тергөөнүн алгачкы версиясы боюнча ал өзүн-өзү атып өлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Бир күндөн кийин анын тою болмок.

Тергөө амалдары улантылууда.

 

 

Бөлүшүү