Ошто ымыркайды мейманкананын алдына таштаган учур тасмага түшүп калган (Видео)

Автор -
355

Ошто ымыркайды мейманкананын алдына таштаган учур тасмага түшүп калган. Анын видеосун «NUR news» аттуу Youtube колдонуучусу жүктөгөн.

Белгилей кетсек, Өзгөн районунун 33 жаштагы тургуну жарандык никедеги жолдошун коркутуу максатында мейманкананын кире беришине наристесин таштап кеткен.

[ads-quote-center cite=’деп билдиришти ШИИББдан.’]«Наристе ушул жылдын майында төрөлгөнү аныкталды. Анын апасы- Өзгөн районунун 33 жаштагы тургуну, ал эми атасы 25те. Аял эркек баланы жарандык никеден төрөгөндүгүн билдирди. Ал эми анын жарандык никедеги жолдошу баладан баш тарткан. Аны коркутуп коюу үчүн аял баласын мейманкананын кире беришине таштап койгон. Өзү 30-40 метр аралыктан байкоо салып турган. Качан гана тез жардам унаасы келгенде ал чуркап барып, наристе аныкы экенин айткан»[/ads-quote-center]