Иранда дагы Телеграмды колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда чет элдик басылмалар соттун өкүмүнө таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Иран соту Телеграмды жарандардын кайрылууларынан улам жапты. Мындан ары ирандыктар жергиликтүү Soroush социалдык тармагын пайдаланышмакчы.
«Иран эли коопсуздук үчүн аталган социалдык тармакты өчүрдү. Буга чейин Иран бийлиги мамлекеттик кызматкерлерди чет элдик байланыш түйүндөрүнөн баш тартууга чакырган», — деп жазышат басылмалар.
Орусиянын соту 13-апрелде өлкө аймагында аталган социалдык тармактын иштешине тыюу салган.