Орусияда полиция кызматкери тажикстандык мигрантты сабаган (видео)

Автор -

Подмосковьеде Реутов шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери аны видеого тарткан тажикстандык мигрант Абдурахим Намазовду сабап, телефонундагы видеолорду өчүрүп салган.

Телефондо сакталып калган аудиожазууда полиция кызматкери мигрантты сөгүп, аны коркутканын угууга болот.

Абдурахим Намазовдун айтымында, алгач полиция кызматкерлери анын унаасын токтотушкан. Бирок алар токтотуунун себебин айтуудан баш тарткандыктан, мигрант ал окуяны видеого тарта баштаган. Андан соң полициячылар анын телефонун тартып алып, андагы видеолорду өчүрүп салышкан. Бирок дагы бир аудиожазууну байкабай калышкан.

— Алар менден эмгек келишимин талап кылышты. Жанымда жок десем дайыма алып жүрүшүң керек деп кемсинте башташты. Ошондо мен алардын бул аракеттерин видеого тарта баштадым. Алар мени күчтөп полиция бөлүмүнө алып барып, бирөөсү муунтуп, ура баштады, — деди Ниязов.

Ал бул окуядан кийин укук коргоо уюмуна жардам сурап кайрылган. Укук коргоочу Валентине Чупик Назаровго Тергөө комитети менен ички иштер башкармалыгынын Жеке коопсуздук бөлүмүнө арыз жазууга жардам берген. Укук коргоочунун айтымында, полиция кызматкери Кылмыш кодексинин бир нече беренесин бузган.

— Ал «мыйзамсыз кармоо», «кызматтык ыйгарым укуктарын ашкере пайдалануу менен зомбулук көрсөтүү, коркутуу» жана «өзүмбилемдик» беренелерин бузган. Азырынча ага карата кандай айып тагылары белгисиз.

Бөлүшүү