Ошто өзүн өзү атып өлгөн милиционердин досуна карата соттун чечими чыкты

Автор -
204

Өзүн өзү атып өлдү делген милиционердин досу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, милиционерге карата Кылмыш жаза кодексинин 316-беренеси (адамдын өзүн өзү өлтүрүүсүнө жеткирүү) боюнча кылмыш иши козголду.

«Окуя болгон күнү маркумдун досу унаадан түшүп баратып, куралын унутуп калтырып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 28-апрелге караган түнү Ош шаарынын Абсамат Масалиев проспектисинде өз автомашинасында милициянын старшинасы, Ош шаардык ИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсүнүн сөөгү табылган. Кесиптештери маркумдун 28-апрелде үйлөнүү тою болмоктугун айтышты.

Бул окуяга шектүү катары анын досу 48 саатка камакка алынган.