Интернет колдонуучулар орус ырчысы Филипп Киркоровду «Эл артисти» наамынан ажыратууну талап кылышууда. Бул тууралуу Ura.ru агентиги жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, мындай талапка ырчынын жакында эле жарык көргөн «Цвет настроения синий» аталышындагы ырынын клиби себеп болгон. Интернет колдонуучусу Антон Тихонов Орусиянын президенти Владимир Путин менен маданият министри Владимир Мединскийге петиция жиберүү үчүн кол чогултуп баштаган. Аны бир топ колдонуучулар колдогон.
«Ырчы клибинде адепсиз жүрүм-турум менен бирге спирт ичимдиктерин да ачык эле пропогандалап жатат. Бул Эл артисти наамын алып жүргөн адамдын кыла турган иши эмес», — деп жазган Тихонов.
Киркоров жакында эле «Цвет настроения синий» деген аталыштагы клибин коомчулукка тартуулап, аны 13 млн ашуун адам көргөн. Аталган клипке орустун бир топ атактуулары тартылган.