Бүгүн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун үстүнөн жазган арызы сотто каралат.
Сот отуруму Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда саат 10:00дө өтөт.
26-апрелде Матраимов «мени негизсиз жумуштан алды» деп Исаковду сотко берген. Исаков Матраимовдун арызы боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.