Шашылыш билдирүү! Дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлөт

Автор -
283

2018-жылдын 2-майында туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМ бул кырсыктын алдын алуу үчүн жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүгө чакырат.

 

Бөлүшүү