ЖАМКтын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Автор -

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) механизациялаштырылган көчмө колоннасынын жооптуу кызматкерлери мекемеге бөлүнгөн каражатты мыйзамсыз иштетип жибергени үчүн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Маалым болгондой, көчмө колоннанын жумушчуларына маяна негизсиз көбөйтүлүп кеткен. Ошондой эле ЖАМКтагы имаратты оңдоого жана курууга мамлекеттик сатып алууда да эрежелер бузулган. Натыйжада мамлекет 2,5 млн. сомдон ашык зыян тарткан.

Ошону менен бирге Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын пара берүүгө шектүү катары кармалган кызматкери И.Ю. кош жарандыгы бар экени такталган.

Бул фактыларга байланыштуу Атайын прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 315-беренеси (“Кызматтык жасалмалоо”), 171-беренеси («Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу»), 189-беренеси («Ачык соода жана аукцион өткөрүүнүн тартибин кыянаттык менен бузуу»), 350-беренеси («Документтерди жасалмалоо») жана 306-беренеси («Өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу») менен кылмыш ишин козгоду.

Тергөө уланууда.

Бөлүшүү