Майрамга карата шаар бийлиги бир катар маданий, спорттук жана башка иш-чараларды уюштурган.
Шаар күнүн майрамдоо саат ондо Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында кичинекей балдар даярдаган концерт менен башталып, андан кийин борбордук аянтта гүл жармаңкеси ачылган.
Кечки жетиден баштап Ала-Тоо аянтында калаанын 140 жылдыгына арналган чоң концерт болгон.