Өкмөт башчы жаш математик Арсен Рахымбековго белек тапшырды (фото)

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту.

Өкмөт башчы Арсенди математика жана менталдык арифметиканы өздөштүрүү менен чоң-чоң жетишкендиктерге жеткени, ошондой эле эл аралык сынактарга жана олимпиадаларга ийгиликтүү катышуусу менен куттуктады.

«Өспүрүм кезиңде эле көптөгөн телекөрүүчүлөргө таанылып, алардын жогорку баасына татыдың. Кичинекей кезиңде эле биздин мамлекеттеги өспүрүмдөргө эмгекти сүйүү жана тырышчаактык,  билим алуу жана  жаңы ийгиликтерди багынтуу жагынан үлгү боло алдың, – деди  Мухаммедкалый Абылгазиев. – Сенин ийгиликтериң Кыргызстандын өсүп келе жаткан мууну интеллектуалдык жактан абдан өнүгүп жатканын, ачыктыгын, ийкемдүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди. Менталдык арифметика логикалык ой жүгүртүүнү, аналитикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, билимди системага салууга жардам берет. Мугалимдер балдардын болгон дараметин ачыш керек, алардын тилди үйрөнүүсүнө туура багыт жана дем бериши абзел».

Премьер-министр Арсендин ийгиликтерге жетишүүсүнө салым кошкон апасына жана устатына ыраазычылык билдирди. Өкмөт башчы аларга биздин өлкөнүн жаркын келечегинин негизин түзө турган  жаш муундардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүү үчүн мамлекет тараптан көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу айтып берди.

«Биз мугалимдердин айлыгын 30%га көтөрүүгө жетише алдык, республика боюнча жаңы заманбап мектептер курулууда, окутуунун жаңы ыкмаларын киргизип жатабыз. Биз мындан ары да тийиштүү деңгээлде колдоого аракет кылабыз жана сен сыяктуу таланттуу балдарды тарбиялаган мугалимдерге дем берүү үчүн сыйлык берүүгө каражат таап жатабыз. Менин оюм боюнча, бул ата-энелер да, мугалимдер да колдоого алган эң маанилүү демилге», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Арсенге албан-албан ийгиликтерди каалап, эстеликке кала турган белек тапшырды.

Бөлүшүү