Ошто 170 миң даана аткезчилик чылым аныкталды

Автор -
203

Ош шаарынын эл аралык аэропортунун аймагынан «Rothmans», «WinstonXStyleBlue», «L&M», «KentNavyblueHD» маркасындагы аткезчилик чылым аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Тамеки продуктуларында Тажикстан Республикасынын акциздик маркалары чапталган.

Бардыгы болуп 17 миң таңгак чылым жалпы суммасы 782 500 сомду түзгөн.

Чогултулган бардык материалдар Ош облусунун прокуратурасы өткөрүлүп берилген.