Жээнбеков: Ысык-Көл – жерибиздин баа жеткис бермети, баарыбыз аны сакташыбыз керек

Автор -

«Ысык-Көл – бул бизнес же акча табуунун гана объектиси эмес. Эн оболу ал биздин жерибиздин баа жеткис бермети, баарыбыз аны сакташыбыз керек!», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Президент Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун жашоочулары менен жолугушуусунда.

Ал жарандык активисттер жана волонтерлор Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо иштерине активдүү катышып жатканын белгиледи.

«Мен Ысык-Көлүбүзгө аяр мамиле жасоого, экологиясын сактоого өзгөчө көңүл бурууга баарыңыздарды чакырып кетет элем! Ооба, туризм тармагында жергиликтүү эл нанын таап, оокатын кылып жатат. Бирок Ысык-Көл эң оболу бизнес же акча табуунун объектиси эмес, ал биздин жерибиздин баа жеткис бермети экенин унутпашыбыз керек! Ошондуктан, эң биринчи кезекте жергиликтүү эл, андан кийин туристтер – бардыгыбыз Ысык-Көлдүн экологиялык абалына кайдыгер карабай, аны сактоого болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек!», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Муну менен бирге Президент Сооронбай Жээнбеков туризмди өнүктүрүү тармагында инфраструктураны өнүктүрүүнүн, жолдорду куруунун, сервис жана тейлөөнү жакшыртуунун маанисин дагы белгиледи.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү