Кара-Сууда суу ашып 10 турак-үйдүн короосун каптады (Фото)

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл аймагынын Октябрь айылында «Коңурат» каналынан суу ашып, болжол менен 10 турак-үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-майда болжол менен саат 04:00дө суу ашкан.

«Турак үйдүн жер төлөөсүндөгү сууну сордуруу үчүн саат 09:10до КР ӨКМнин Кара-Суу райондук №25 аскерлештирилген өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган»,-деп билдирди ӨКМ.

Учурда каналдын суусу азайтылган, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү