Борбор калаада Советтер союзунун баатыры Самат Садыковдун элесине арналган кыргыз күрөшү боюнча республикалык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Мелдеш 8-9-май күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында болуп, анда жети дубандын балбандары күч сынашат.
Турнирди өткөрүү үчүн спорттун улуттук түрү боюнча дирекциясынан 287 миң сом бөлүнгөн.
Иш-чаранын максаты — улуттук спортту жайылтуу жана сергек сак жашоо образын калыптандыруу.