Өкмөт башчы байланыш тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Автор -
226

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-майда, байланыш тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Байланыш кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан байланыш кызматкерлеринин күнү жана 70 жылдык юбилейиңиздер менен чын  жүрөктөн куттуктайбыз!

Кыргызстанда 1948-жылы төрт радиорелейлик станциядан турган линия орнотулуп пайдаланууга берилген. Ошондон бери өлкөнүн байланыш тармагы өнүгүүнүн жолунда болду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик, ишеним, жаратмандык» программасынын алкагында байланыш тармагында бир катар артыкчылыктар каралган: Кыргызстандын аймагында санариптик коммуникацияларга жетүүнүн инфра түзүмүн өнүктүрүү, бардык аймактарга толкун аркылуу жетүүнү кеңейтүү; коммуникациялар технологиясына негизделген сервистерди ишке киргизүү менен акылдуу жана коопсуз шаардык аймактын инфратүзүмүн өнүктүрүү.

Жакынкы жылдары өлкөбүз Интернет тармактарына тез жетүү 100%га чейин, бардык калктуу конуштарда санарип берүүлөрү боюнча 100%га чейин камсыз болот.

Аралыкты кыскарткан байланыш кызматкерлери аткарган иш аракеттердин аркасында биз белгиленген убакыттын ичинде аналогдук көрсөтүүдөн баш тартып, санариптик форматтагы берүүлөргө өттүк, ал эми бошотулган  жыштыктарда жаңы жогорку ылдамдыктагы жетүү стандарттары пайдаланууга берилди.

Байланыш тармагындагы жетишкендиктер жөнүндө айтып жатып,  ушул тармакты калыптандырууга жана өнүктүрүүгө өз билимин, аракетин, болгон күчүн жана өмүрүн арнаган ардагерлерге ыраазычылыгымды билдиребиз.

Байланыш тармагын өнүктүрүү көптөгөн өз кесибин мыкты билген адистердин, билими күчтүү, таланттуу жана чыгармачыл адамдардын макулдашылган иш жүргүзүүсүн талап кылат. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, өз жумушуңуздарга жасаган так мамилеңиздер менен өлкөнүн өнүгүүсү үчүн көптөгөн ийгиликтерге жетишерибизге ишенебиз.

Урматтуу байланыш тармагындагы кызматкерлер, Сиздерди чыгармачыл ийгиликтер, жаңычыл идеялар, жаратмандык иштер коштой берсин.  Үй-бүлөңүздөргө бакыт жана бекем ден соолук каалайбыз!

Бөлүшүү