Бүгүн, 7-майда Орусияда Владимир Путиндин президенттик кызматына киришүү аземи өтүп, ал өз ишин баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Владимир Путин ушуну менен 4-жолу ант берди. Аземге 5 миңге жакын адам катышып, Путин мекенге жана элге кызмат кылуу анын максаты экенин айтты.
Орусияда 18-мартта президенттик шайлоо өткөн. Анда Владимир Путин добуштардын 77 пайыз алып, жеңип чыккан.