Бишкекте «Грузия кантип реформа жасай алды» китебинин бет ачары өтөт

Автор -
759

11-майда, саат 15:00дө Бишкек шаарындагы Green city мейманканасында Лариса Буракованын «Грузия кантип реформа жасай алды» аттуу китебинин бет ачары болуп өтөт. Бул тууралуу BUGUPRESS маалымат агенттигинен билдиришти.

Китеп кыргызчага Жаныбек Абидетегин жана ал негиздеген BUGUPRESS маалымат агенттиги тарабынан которулду.

«Грузия кантип реформа жасай алды» китебинде Михаил Саакашвилинин бийлиги тушунда жасалган реформалардын жасалуусу боюнча баяндалган.

«Китепти кыргыз тилине которуунун максаты – Грузиядагы жасалган реформалардын актуалдуулугу бүгүнкү күнгө чейин жоголгон жок. Андагы реформалар Кыргыз Республикасы үчүн үлгү болуп бере алгандыктан китеп кыргызчага которулду»,-деп жазылат маалыматта.

Бет ачарда китептин автору Лариса Буракова онлайн байланышка чыгат.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, өкмөт мүчөлөрү, журналисттер, ишкерлер катышат.