Жогорку сот экс-депутат  Салянованын ишин карайт

Автор -

Бүгүн, 8-майда Жогорку Сотто экс-депутат Аида Салянованыниши каралат. Буга чейин Салянованын адвокаты  ооруп, сотко келе албаганына байланыштуу соттук отурум 3-майдан жылдырылган болчу.

Айта кетсек, Салянова «юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан» деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган.

Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү