Жээнбеков Медведевди премьер-министр кызматына бекитилгени менен куттуктады

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбеков Дмитрий Медведевди Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын кызматына бекитилгени менен куттуктады.

«Россиянын Мамлекет башчысы жана Мамлекеттик Думанын депутаттары тарабынан Сизге көрсөтүлгөн бийик ишеним Сиздин өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодогу салымыңызды жана мамлекеттик башкаруудагы өтө чоң тажрыйбаңыз менен адискөйлүгүңүздү тааныгандыктын эң негизги далили болуп саналат. Өзгөчө Сиздин кыргыз-россиялык биримдикти жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүүгө болгон жеке салымыңызды белгилеп кетким келет. Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өлкөлөрүбүздүн элдеринин жакшылыгы үчүн өстүрүүнү улантаарыбызды ишенем», — деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков жана Дмитрий Медведевге бекем ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу кызматында албан ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Медведев Орусияда өкмөт башчылыкка дайындалды. Анын талапкерлигин Мамлекеттик Думанын 379 депутаты колдосо, 56 парламентарий «каршы» болду.

Бөлүшүү