Медведев кайрадан өкмөт башчылыгына келди

Автор -

Дмитрий Медведев Орусияда өкмөт башчылыкка дайындалды. Анын талапкерлигин Мамлекеттик Думанын 379 депутаты колдосо, 56 парламентарий «каршы» болду.

Медведев 2012-жылдан бери өкмөт башчылыкта иштеп келе жатат, ага чейин 2008-2012-жылдары Орусиянын президенти болгон, ал учурда өкмөттү Владимир Путин жетектеп турган.

Эске салсак, 7-май күнү Владимир Путин өкмөт башчы кызматына Дмитрий Медведевдин талапкерлигин кароону Мамлекеттик Думага сунуштаган.

Бөлүшүү