Бир күндө 2128 айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыпка жыгылды

Автор -

Кече, 9-майда ар кандай себептерден улам жол эрежесин бузгандыгы үчүн 2128 айдоочу административдик айыпка жыгылган. Бул тууралуу КР ИИМ ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, автоунааны мас абалында башкарган 19 айдоочу кармалган.

Андан тышкары:

-Унааны жогорку ылдамдыкта башкаруу – 369;

— Жол белгилерин сактабоо боюнча – 143 протокол түзүлгөн;

-Алдыңкы, эки капталындагы айнектери караңгылатылган унааларды башкаруу – 4;

-Тиешелүү документтери жок унаа башкаруу – 25;

-Башкаруу маалында уюлдук телефон менен сүйлөшүү- 382;

-ИИБ кызматкерлери баш ийбөө боюнча – 5;

Атайын айып унаа токтотуучу жайына 65 унаа токтотулган.

КР ИИМ ЖКККББсы айдоочуларды жолдо жүргөндө жол эрежелерин сактоого чакырат.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү