Бишкекте кемпирди троллейбустан түшүрүп салган айдоочу жумуштан алынды

Автор -

Бишкекте кемпирди «сасып жатканы үчүн» троллейбустан түшүрүп салган коомдук унаанын айдоочусу жумуштан алынды. Бул тууралуу «Апрель» Бишкек шаардык транспорт башкармалыгына шилтеме берип билдирди.

Окуянын видеосу өткөн дем алыш күнү социалдык тармактарда жарыяланган. Анда №11-каттамдагы троллейбустун айдоочусу кемпирди унаадан түшүрүп салганы тартылып, автор айдоочуну акчалай айыпка жыгып, жумуштан бошотууну суранган.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматына караганда, айдоочу бул жоругу үчүн жумуштан берене менен алынган.

«Бүгүн бизде ички кеңешме өттү. Ага айдоочу өзү да катышты. Биз андан эмне себептен мындай жорукту жасаганын сурадык. Ал троллейбустагы жүргүнчүлөр кемпирди түшүрүп салууну талап кылышканын,  ошондон улам ушундай кадамга барганын айтты. Жүргүнчүлөр суранган күндө да айдоочу мындай ишти жасабашы керек болчу. Ал кандай берене менен кетерин кадрдык бөлүм чечет. Айдоочу өзү өкүнүп жатканын айтып, кечирим сурады»
деди башкармалыктын бөлүм башчысы Мукай Асанов.

Белгилүү болгондой, улгайган жүргүнчүнү троллейбустан түшүргөн айдоочу бул жумушта иштегенине бир жылга жакын убакыт болгон.

Бөлүшүү