Момбеков: Карапайым элге 600$ атиш кандай көрүнөрү кызык болууда

Автор -

Бүгүн, Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия жумушунун жыйынтыгын чыгарат.

ЖКнын жыйынында  КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков эл азыр Бишкек ЖЭБиндеги аварияны унутуп койгонун белгилөө менен бирге, 600$ атиштер кандай көрүнөрүнө кызыкты.

«Оторбаев, Сариев жана ушул жерде аты атылган 31 адамды чакырыӊыздар. Жабырлануучунун акыркы сөзү бар. Аларда бир нерсе билет андыктан келип, акыркы сөздөрүн айтып кетишсин. Карапайым калк кышта үшүгөнүн унутуп койду азыр аларга  600$ атиш кандай көрүнөрү кызык болууда. Аны да алып келишсин. Көрөлү ал эмне алтынданбы же сабы күмүштөнбү»,-деп билдирди депутат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү