Депутат Касымалиева: Өзгөндүн акимин кызматтан алуу керек

Автор -

Бүгүн, 10-майдагы ЖКнын жыйынында депутат Аида Касымалиев Өзгөн акимин кызматтан алууну сунуштады.

«Аким Олжобай Осмоналиевге эл нааразы экен. Ал шаарга качан гана депутат же премьер-министр барса, элди кыдырып, башка убакта такыр кабар албайт экен. Азыр кабинетте отуруп алып иштей турган заман эмес. Иштесе, жакшы иштесин болбосо иштен кетсин. Бир нече айылда курулган мектептерге, кооптуу абалдагы мектептерден бир да жолу кабар алган эмес», — деди Касымалиева.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү