Депутат:Өкмөт мигранттар үчүн турак жай алууга ипотекалык долбоор иштеп чыгуусу керек

Автор -

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ар кыл маселелер» саатында шайлоочулар менен жолугушуп келген эл өкүлдөрү алардын койгон талаптарын аткаруу бийлигине жеткиришти.

Депутат Сагындык Келдибаев аймактардын жашоо-шартынын жакшырышына эмгек мигранттарынын салымы чоң экенин белгилеп, «Региондорду өнүктүрүү» жылынын алкагында айыл жергесин өнүктүрүү максатында КР Өкмөтү мигранттар үчүн турак жай алууга ипотекалык долбоор иштеп чыгуусу керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, мындай тажрыйба Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Украина жана башка өлкөлөрдө бар. Ошону менен катар С.Келдибаев чет жерде өлүмгө учураган мигранттар боюнча чыныгы күнөөлүүлөр сот жоопкерчилигинен кутулуп кетип жаткандыгын, мекендештердин укуктары корголбой жатканын аткаруу бийлигине «кулак кагыш» кылды.

Мигранттардын көйгөйүн улаган депутат Махабат Мавлянова чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө тоскоол болгон ченемдик-укуктук актылар бар экенин айтып, мисалдарды келтирди.

 

Бөлүшүү